Статистикалык комитет: "Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 2,6 миллиард долларды түздү"

2014-жылдын январь-май айларындагы республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 2,6 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында КРнын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 6 пайызга төмөндөдү. 
"Тышкы соода жүгүртүүнүн кыскарышы газды, бензинди жана дизель майын ташып келүүнүн олуттуу азайышынын эсебинен республикага импорттук түшүүлөрдүн кыскарышы менен шартталды",- деди Байжуманов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан