Жалал-Абад. Вице-мэр "Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жаңы жетекчисин жамаат кабыл алган" жок деген маалыматты четке какты

"Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жаңы жетекчисин жамаат кабыл алган жок" деген маалымат чындыкка дал келбейт" деп Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелери боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев бүгүн, 10-июлда айтып чыкты.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жаңы дайындалган жетекчинин милдетин аткаруучу Жыргал Жапаровду вице-мэр жамаат менен тааныштырган. Бул тууралуу: “Аталган мекемеде жалпысынан 50 кызматкер бар болсо, анын 34ү айдоочулар болуп эсептелет. Айдоочулар жаңы дайындалган жетекчини эч кандай каршылыксыз, жакшы кабыл алышкан”,- дейт Темирбаев.

Ошондой эле шаар каттамына кечээ автобустардын чыкпай калгандыгынын себеби, саат 9да жаңы жетекчинин милдетин аткаруучу менен жамаатты тааныштыруу үчүн жыйын болгондуктан, айдоочулар жумушка чыга алышкан эмес. Анткени айдоочулар жумушка чыгардын алдында медициналык текшерүүдөн өтүүсү шарт экенин кошумчалады.

Ал эми жаңы жетекчинин келишине каршы болуп жаткан экс-жетекчи учурда автобазанын иш мерчемине атаандаш катары таксисттер үчүн жоопкерчилиги чектелген коом ачуу аракетинде болуп, шаардык мэриядан Ленин көчөсүнөн жер берүү үчүн уруксат сурап, өз пайдасын көздөп жүргөнү айтылды.

Айта кетсек, бүгүндөн баштап айдоочулар саат 7:30да өз жумуштарын мурункудай тартип боюнча башташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан