2013-жылдагы жакырчылыктын деңгээли жалпы республика боюнча 37 пайызды түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу бир пайыздык пунктка азайгандыгын көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда КРнын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди.
Анын айтымында, шаарлардагы жакырчылыктын деңгээли 2012-жылдагы көрсөткүч боюнча 35,4 пайыздан 2013-жылы 28,5 пайызга чейин азайса, айылдарда, тескерисинче, 39,6 пайыздан 41,4 пайызга чейин жогорулаган.
“Жакырчылыктын чегинде 2013-жылы 2 миллион 135 миң адам жашаган. Алардын 73,6 пайызы айылдык жашоочулар болуп эсептелинет”,- деди Байжуманов.