Ош шаарында учактарды күйүүчү май менен камсыз кылуучу ишкана ачылды

Ош шаарында учактарды күйүүчү май менен камсыз кылуучу мекеме ишке киргизилди. Ал жерге күйүүчү май куюучу 4 кампа курулуп, май ташуучу эки автоунаа алынып келинген. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда аталган коомдун төрагасынын орун басары Керим Макеев билдирди.

Анын айтымында, май сактоочу кампалардын биринчисине 100, экинчисине 200 жана үчүнчү кампага 10 миң, төртүнчүгө 20 миң тоннадан күйүүчү май сактоого болот. Колдонулган аппараттар Америкадан алынып келинген жана күйүүчү майларды колдонууга берилерден мурун атайын өздөрүнүн лабораториясында текшерүүдөн өткөрүлөт. Аталган компанияны ачууга 60 миллион сом акча каражаты сарпталган. Мындан ары бул компания учактарды күйүүчү май менен камсыз кылмакчы. Анда 50 кызматкерге жумуш орду түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан