“Тоо мөңгүлөрүнүн эрибей жаткандыгы сугат суунун жетишпегендигинин негизги себеби болууда”,- деди бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында КРнын Суу чарба департаментинин башчысынын орун басары Тилек Исабеков.
Анын айтымында, 2014-жылы жалпы Кыргызстанда суу тартыш болуп жатат. “Мөңгүлөр абанын температурасы +25, +27 градус болгондо эрий баштайт. Тилекке каршы, акыркы мезгилде тоолордо жамгыр жаап, аба +18 градуска чейин гана көтөрүлүүдө”,- деп түшүндүрдү Исабеков.
Чүй облусу боюнча суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткуловдун билдиришинче, аймакта суунун жетишпегендигинен улам Орто-Токой суу сактагычындагы суу сугатка пайдаланылууда. “Негизинен, сугат суу облустагы жүгөрү, кант кызылчасы жана башка жашылчаларды сугарууга иштетилет. Ал эми дан эгиндери 2 аптадан бери сугарылбай турат”,- деди ал.