Ош шаарында 17 имараттын мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды

Бүгүнкү күндө Ош шаарында архитектурадан уруксаты жок, мыйзамсыз 17 курулуш бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардын вице-мэри Жапар Ормонов билдирди.

Анын айтымында, шаарда курулуп жаткан бир катар имараттардын архитектуралык иш кагаздары жок. Ошого карабастан, көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатына чейин бүткөрүлгөндөрү бар.

Бүгүнкү күндө 17 мыйзамсыз курулуп жаткан имаратты аныктап, атайын комиссия түздүк. Себеби уруксаты жок болуп, курулуп бүткөрүлүп калса, имараттын сапаты үчүн биз, шаардык мэрия жоопко тартылып калабыз. Ошол себептүү тез арада курулуштун сапатын аныктап, эгер курууга мүмкүн болсо, керектүү документтерди бүткөрүүгө жардам беребиз. Мыйзам боюнча, экотехникалык инспекциядан курууга уруксат алынышы керек болчу. Эгерде курууга такыр болбосо, аны биз канча кабаттуу болбосун, сүрдүрүп салууну чечтик. Кечээ ошол имараттарга сатылып жаткан электр энергиясы менен сууну убактылуу берүүнү токтоттурдук”,- деди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lexus-2014
2014-08-13 17:15:34
super info sizderden syrany4 owol 17 imarattyn kaysyl ko4olordo jaygawkan ekenin bilip bere alasyzdarbya menda algan bol4yymyn birok bytyp ele kaldy remontty a owol men algan kvartirada bar beken dep oylonyp jatam esli owol uyda 17 imarttyn i4inde bolyp kalsa emne kylam ?, syrany4 taktap berinizder4i 4oon raxmat.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан