Ош шаарындагы «Шаарсвет» ишканасы 9-июлда Ленин көчөсүндөгү резиденциядан баштап төрөт үйүнө чейинки аралыкта жана Кукумбий көчөсүндө түнкү жарыктандыруунун капиталдык курулушунун ачылышын жасады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда аталган ишканадан билдиришти.
Анда Ленин көчөсүнө, узундугу 1050 метр аралыкка чырактар коюлду. Иштин жүрүшүндө 31 даана мамы, 31 даана траверс, 2700 метр А-35 үлгүсүндөгү зым тартылды. Ал эми Кукумбий көчөсүндөгү капиталдык курулушка 36 даана мамы, 39 даана траверс, 39 кронштейн, 39 даана чырак орнотулду.
Айта кетсек, калаадагы электр жарык тармактарында иш алып барган ишкана акыркы 6 ай ичинде 168 чырак орнотту жана 6410 метр жол жарыктандырылды.