Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 115 миң үй-бүлө балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлө катары катталып, жөлөк пул алышат. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин Ош облусуна болгон сапарында айтылганын аталган министрликтен бүгүн, 10-июлда билдиришти.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон балдардан тышкары 78 миңге жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөлөк пул алышат. Министрлик бул кепилдик төлөмдөрүн жыл аягына чейин 705 сомго чейин арттырууну көздөөдө.