Ысык-Көл облусунда акыркы 6 ай ичинде 10 жеке медициналык клиниканын иши токтотулган

Ысык-Көл облусунда акыркы 6 ай ичинде облустук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Каракол шаардык борбору тарабынан облус аймагында 76 рейд уюшулган. Натыйжада 10 жеке медициналык клиниканын иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Рейд алкагында 252 дарылоо-профилактикалык мекемелеринин иши текшерүүгө алынды. Натыйжада 92 жай санитардык абалын жакшыртуу боюнча буйрук алса, 34 жооптуу кызматкерге жалпысынан 34 700 сомду түзгөн айып пул салынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан