Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө шаарчасынын калкына таза суу күнүнө эки саат гана берилип жатат

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Кара-Көл шаарына болгон иш сапарында Кетмен-Төбө шаарчасынын калкы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1700гө жакын калк жашаган Кетмен-Төбөнүн эли таза суу чыгарып берүүчү насостук станция иштен чыгып, Чүкөлүү-Булак суусу токтоп, күнүнө 2 саатка гана суу берилип калгандыгын айтышты. Жергиликтүү калктын арыз-муңун жеринде уккандан кийин Ж.Жээнбеков өкүлчүлүктүн фондунан 250 миң сом бөлүп берген.

Шаарчанын калкынын негизги көйгөйү болгон таза суу маселесин чечүү Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевдин жеке жоопкерчилигине жүктөлүп, ишти бүткөрүүнүн акыркы мөөнөтү 20-июль деп белгиленди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekos2012
2014-07-15 07:47:27
Жакшы 2 саат берилет экен, НАРЫН дарыясынын жээгинде жайгашкан Таш-Комур шаарында 2 кундо (через день) 2 сааттан гана суу берет 20 жылдан бери эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан