Жалал-Абадда төгүлгөн күйүүчү майдан зыян тарткандарга компенсация төлөнүп берилди

Жалал-Абадда күйүүчү май ташуучу автоунаа оодарылып, төгүлгөн күйүүчү майдан жабыркаган үйлөрдүн ээлерине компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Мамбеков айыл аймагындагы Чек айылында жол кырсыгынан улам күйүүчү май каптап, андан жабыркаган короо-сарайлардын ээлерине «Транс-Азия» ЖЧКсы тарабынан 489 миң сом таратылып берилди.

Эске салсак, Чек айылында 12-июль күнү саат 08:20 чамасында Бишкек - Ош унаа жолунун 508-чакырымында Бишкек тараптан келе жаткан «Транс-Азия» ЖЧКсынын «Fredlainer» (№18-95 SС) үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу автоунаанын айдоочусу, 1986-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Таалайбек Асанкожоев рулду башкара албай калгандыгынан автоунаа оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен болжол менен 38 тонна АИ-80 үлгүсүндөгү бензин төгүлүп, сугат каналы менен 2 чакырым агып барып, күйүп кеткен. Натыйжада Чек айылындагы 5 короо-сарай, 1 пахта аттыруучу цех жабыркаган. 

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан