УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы атайын иш-чараларды уюштуруу учурунда чет элдик жарандарга Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз саткан Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык иштердин бетин ачты. Аталган кызмат маалымдагандай, 2010-жылдын апрелинде Сокулук районунун паспорт-визалык жана каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Ж.К. жана аталган бөлүмдө башкы адис болуп иштеген К.А. аттуу жаран Өзбекстандын жаранынан акча алып, ага кыргыз паспортун даярдап беришкен. Бул иш боюнча 15-январда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.