Бүгүн, 16-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Япониянын тышкы иштер министрлеринин “Борбор Азия+Япония” аттуу 5-отуруму өтөт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада 5 негизги маселе талкууланат. Алар: саясий диалог, ички аймактык кызматташуу, жеке ишкерликти колдоо, маданий жана гуманитардык диалог. Отурумдун катышуучуларын КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кабыл алат.