Жыл башынан бери өлкө боюнча жумушсуздуктун эң жогорку көрсөткүчү Баткен облусунда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда жумушсуздук 10,8 пайызга барабар. Ал эми Ош шаарында 10,7 пайыз болсо, Ош облусу боюнча 6,8 пайызды, Жалал-Абад облусунда 8,4 пайызды түзөт.
Айта кетсек, өлкө боюнча жумушсуздуктун орточо деңгээли 8,4 пайызды түзөт.