Азербайжандан экинчи партия болуп 16 вагон (1024 тонна) кумшекер келди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттөр аралык келишим боюнча, жалпысынан 157 вагон (10 048 тонна) кумшекер келмекчи. Буга чейин 4 вагон (512 тонна) келген. Азербайжан кумшекери Бишкектин мэриясынын муниципалдык наабайканаларында 44 сом 80 тыйын – 48 сомдон сатылууда.