"Өткөн жылы иш-чара алгачкы жолу мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү. Азыркы тапта Кыргызстандын калкынын 60 пайызы айыл жергесинде жашап келишет. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөрдүн жана түзүлгөн шарттардын бирдей болгону маанилүү. Бул жетекчи аялдардын санын көбөйтүү керектигинен кабар берет. Учурдагы ишкердиктин 70 пайызы чакан ишкерлер болсо, алардын 57 пайызында эркектер иштешет. Ири ишкердикте эмгектенген эркектер 5 пайыз болсо, аялдар 2 пайыз",- деди Кудайберген Базарбаев.