ЖКда депутаттарга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору жактырылды
Парламенттин 19-январдагы жыйынында депутаттарга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты. Бул мыйзам долбоорунун автору депутат Анарбек Калматов, ЖКнын регламентине мындай өзгөртүү киргизүү депутаттардын иш сапарлары учурунда мыйзамдардын кабыл алынышын жөнгө салат. Ал эми ушул эле мыйзамдын карама-каршысын демилгелеген депутат Курмантай Абдиевдин долбоору колдоо тапкан жок. Абдиев буга чейин "эгер депутаттарга ишеним кат аркылуу добуш берүүгө уруксат берилсе, ЖКда баш аламандык жаралып, депутаттардын көбү жыйындарга келбей коёт" деп айтып келген.