Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги «Сен сүйгѳн кыргыз макалы» аттуу сынак жарыялады
Бүгүн, 19-январда Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги «Сен сүйгѳн кыргыз макалы» аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Сынактын негизги талабы - кыргыздын макалдарын камтыган 2-4 барак эссе жазуу. Сынакка бардык каалоочулар катышса болот. Сынакта 1-орунга ноутбук, 2-орунга компьютер, 3-орунга кыргыз-орус тилиндеги сөздүк китеби ыйгарылат. Катышуучулар Makal.Kyrgyz@gmail.com дарегине “Конкурс эссе” деген аталышта электрондук кат жөнөтүшү шарт.