Кыргызстандын аскердик акыйкатчысы шайланды, бул кызматка милициянын запастагы полковниги Анвар Сартаев бекитилди. Бул тууралуу аскер ардагерлеринин демилгечи тобу билдирди. Айта кетсек, 19-январда Бишкекте биринчи жолу күч түзүмдөрүнүн аскер ардагерлеринин 1-курултайы болуп өткөн. Анда "Каравай Асаналиев атындагы аскердик акыйкатчы институтунун уставы" кабыл алынды. Аскердик акыйкатчынын орун басары болуп Рыспай Асанакунов дайындалды.