* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши менен Кыргызстан КП (б) Борбордук комитетинин "Кант-Рыбачье багытында темир жол куруу" туурасындагы токтому жарык көргөн. Темир жол курулушуна 150 коммунист менен 3 миң комсомолду мобилизациялоо каралган. Кыргыз ССР ички иштер элдик комиссары
Абушенко да курулуш ишине эркинен ажыратылган адамдар менен жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.
* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы Америкада NBC телеканалында «Санта-Барбара» сериалы көрсөтүлө баштаган. Сериал 1993-жылдын 15-январына чейин көрсөтүлүп, жалпысынан 2137 серия тартылган. Дүйнө эли кызыгуу менен көргөн сериалдын Америкадагы рейтинги салыштырмалуу төмөн болгон. 1980-жылдардын аягында өлкөдөгү эң белгилүү долбоорлордун тизмесинде онунчу орунда турган. 30дан ашуун өлкөдө ретрансляция аркылуу көрсөтүлгөн.
* Мындан 43 жыл мурун, 1971-жылы Япониянын Иватэ префектурасынын аймагында Боинг 727-281Adv лайнери менен F-86F истребители абада кагылышкан. Кырсыктан 162 киши көз жумган.