Кыргызстандын түштүк облустарында күйүүчү майдын 4-5 күндүк гана запасы калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу башчысы Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, учурда күйүүчү май Бишкек – Ош жолунда унаалар менен гана ташылып жатат. Анткени Өзбекстандан өтүүчү темир жолдо вагондордун кармалып калуусунан күйүүчү майды жеткирүү узакка созулууда. “Мындан тышкары күйүүчү майды ташуучу унаалардын айдоочулары салмакты текшерүүчү түйүндөрдө бир топ тоскоолдуктарга кезигип жатышат. Унаалардын май менен кошо жалпы салмагы уруксат этилген 44 тоннадан ашык болууда. Мындан улам өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү май жетпей калууда. Бүгүнкү күнү түштүктө күйүүчү майдын 4-5 күндүк гана запасы калды”,- деди ал.
“2011-жылы өкмөттүн чыгарган токтомуна ылайык, уруксат берилген салмактын чеги 44 тоннага барабар. Муну өзгөртүш керек деп ойлойбуз. Биздин сунушубуз: уруксат этүүчү салмакты 48,5 тоннага чейин өзгөртүү”,- деп түшүндүрдү У.Кулов.