Бүгүн, 30-июлда Монополияга каршы агенттиктин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында борбордогу маршруттук таксилердин жол кире акысын негизсиз көтөрүүгө бөгөт коюу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү керектигин билдирди.
Анын айтымында, тарифтик бааны жогорулатуудан мурун бул тармакты мыйзамдаштыруу керек. “Тарифке таасир этүүчү жагдайлар майда-чүйдөсүнө чейин талданышы керек. Биз баа тарифин белгилөөнү иликтөө боюнча мекемелер ортосунда комиссия түзүүнү сунуш кылабыз. Ал эми маршруттук таксилердин айдоочуларын мыйзамсыз төлөмдөрдөн арылтуу зарыл. Ошондой эле айдоочулардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо механизми, ишинин сапаты боюнча мониторингдин тартиби жеткиликтүү болбогондуктан, жолун издөө керек”,- деди Казаков.
Айта кетсек, 28-июлда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттап жаткандыгына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүү керектигин айтышкан.