Бүгүн, 30-июлда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Беш-Кепе айылында Казак-Маала жана Жаңы Кызыл-Суу айылдарын райондун борбору менен байланыштыруучу Машрап-Сай сайына курулган көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куруу иштери 2013-жылдын июль айында башталып, 2014-жылдын июль айында аяктаган.
Анын узундугу 18 метр. Буга чейин айыл тургундары Кара-Суу району менен 25 чакырым, ал эми Ош шаары менен 30 чакырым айланып өтүшчү. Ички чарбалык көпүрө курулгандан баштап эки тарапка 8-10 чакырым жол кыскарып, айыл тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Көпүрөнүн ачылыш аземине КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жана Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов катышты.