* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы советтик жана кыргызстандык коомдук-саясий ишмер, Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин 1-катчысы, КРнын Баатыры Абсамат Масалиев жүрөк оорусунан 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы КМШ өлкөлөрүн бириктирген “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу, шоумен Леонид Якубович Москвада төрөлгөн. Атасы инженер, энеси врач-гинеколог болгон. Леонид Якубович телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. 80-жылдардан тартып сулуулук сынактарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алып барган. Телевидениеге келип “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу жана “ВиД” телекомпаниясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган.
* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы немис ырчысы Си Си Кетч Голландиянын Осс шаарында төрөлгөн. 80-жылдардын диско-ырчысына айланган атактуу ырчы айым Си Си Кетчтин чыныгы аты – Каролина Катарина Мюллер. Атасы Юрген немис улутунан, ал эми апасы Корри Нидерландынын жараны болгон. 1985-жылы Каролинаны жаш артисттер сынагында белгилүү немис продюсери, “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен биринчи ирет көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Ушул эле жылы келишимге кол коюшуп, жаңы түзүлгөн топтун атын “Си Си Кетч” деп аташат. “С”, “С” – ырчынын атынын баш тамгалары, ал эми “Catch” болсо “хит идея” деген сөздүн синониминен алынган.