Эртең, 31-июлда Бишкек шаарынын айрым аймактарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 31-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардагы Муса Жалил, Курманжан датка, Садовая, Малышев көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Калыс-Ордо конуштарында "акылдуу" эсептегичтер орнотулат. Буга байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.