Кыргызстанда “Бузулбас достук-2014” машыгуулары өтүүдө (фото)

Бүгүн, 30-июлда саат 09:00дө “Бузулбас достук-2014” машыгууларынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, машыгуулардын жетекчилиги тынчтыкты коргоо боюнча операцияларды аныктап, аскер контингенттеринин штабдарына жардам көрсөттү. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ОДКБ) мүчө мамлекеттердин аскерлери тоолуу аймактарда куралдуу уюшкан топторду кармоо жана жок кылуу боюнча иш-аракеттерди жасашты. Мындан тышкары алар гуманитардык жүктөрдү узатуу жана десантты түшүрүү боюнча атайын операцияларды аткарышты.

Айта кетсек, кечээ, 29-июлда "Ала-Тоо" окуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлеринин "Бузулбас достук-2014" аттуу машыгуусунун ачылышы болуп, ал 1-сентябрга чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан