Өкмөт жооп берет: Бала багып алууга кандай документтерди чогултуп, кайсы мекемеге тапшырыш керек?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Биз жолдошум экөөбүз кеңешип, бала багып алууну пландап жатабыз. 2 уулубуз бар. 1 кыз багып алалы дегенбиз. Кимге, кайсы жакка кайрылуу керек жана кандай документтер талап кылынат? Суроо калтырган Nariste...12.  

Жооп: - КРнын мыйзамына ылайык, эгер сиз бала асырап алууга ниеттенсеңиз, өзүңүз жашаган жериңизден Социалдык өнүктүрүүнүн райондук (шаардык) башкармалыгына баланы багып алууга талапкер катары катталышыңыз керек. Бала багып алууга уруксат берүүчү документти алган соң сиз кароосуз калган баланын турган үйүнүн аймагындагы Социалдык өнүктүрүүнүн райондук (шаардык) башкармалыгына арыз менен кайрыласыз.

Бала асыроого төмөнкү документтерди чогултуш керек:

1) паспорттун көчүрмөсү;

2) нике тууралуу күбөлүк (эгер баланы багып алууга түгөйлөр ниеттенсе);

3) үй-бүлөнүн курамы боюнча жашаган жеринен маалым кат;

4) үй-бүлөнүн туруктуу кирешелери тууралуу маалымат:

     а) иштеген жеринен кызматы жана маянасы тууралуу маалым кат;

     б) жеке ишкерликтен кирешелер тууралуу декларациянын көчүрмөсү;

     в) жер, мал жана башка чарба менчиги тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарынын аткаруучу түзүмдөрүнөн маалым кат;

5) толук өмүр баян;

6) иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

7) медициналык текшерүү: психиатр, нарколог, венеролог, фтизиатр, флюорография, терапевт жана үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн саламаттыгы тууралуу маалым кат;

8) КРнын Ички иштер башкармалыгынын (ИИМ) маалымат борборунан соттолгондугу жоктугу тууралуу маалым кат;

9) жашаган жериндеги үй китебинен көчүрмө (выписка) же турак жайга болгон менчик укугун далилдеген документ.

Арыздын негизинде жооптуу кызматкер турак жайдын жана жашоо-тиричиликтин абалы менен таанышып чыгып, тиешелүү актты түзөт. Арыздарды жана документтерди текшерген соң ал баланы багып алууга мүмкүн же мүмкүн эмес экенин билдирет. Эгер мүмкүн болсо, сизге балдардын анкеталары сунушталып, тандалган бала (же кыз) менен жолугушууга жолдомо кат берилет.

Багып алуу жана багып алынуучу балдар боюнча толук маалыматты Социалдык өнүктүрүүнүн райондук (шаардык) башкармалыгынан алсаңыздар болот.

Суроого КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан