Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин колдоосу менен аз камсыз болгон жана ата-энелеринен эрте ажыраган жетим балдар, тартип жагынан каттоодо турган өспүрүмдөр 17-июлдан 27-июлга чейин акысыз эс алууга Бишкек шаарына жана Ысык-Көлгө барып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда КРнын ИИМинин имараты жана музейи, кинология борбору, тез чара көрүү атайын отряды, милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы ИИМдин академиясы, Бишкек шаардык башкармалыгынын имаратында болушуп, жетекчилиги менен пикир алышып, ошондой эле жогорку окуу жайлары менен да таанышышты.