27-28-июль күндөрү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жетекчилиги астында Оштон барган делегация Кытайдын Кашкар шаарынын көргөзмө борборунда Борбордук жана Түштүк Азияда өткөрүлүүчү соода жарманкесине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кашкардын Цзэн Цунем округунун партиялык комитетинин башкы катчысы менен жолугушуп, соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Ош шаарындагы жеке ишкерлердин 30дай өкүлү аталган жарманкеде өз продукцияларын көргөзө алды.
«Биз жеке ишкерлердин коомчулугу жана сырттан келген инвесторлорго жагымдуу жеке ишкердүүлүк чөйрөсүн түзүүгө бардык аракетибизди жумшайбыз»,- деди Айтмамат Кадырбаев.