Ысык-Көл облусунда “Кыргыз айылы” Эл аралык фестивалы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук капчыгайында “Кыргыз айылы” Эл аралык фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, фестивалга кол өнөрчүлөр жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Анда капчыгайга нукура кыргыз айылын элестеткен 7 боз үй тигилген. Ар бири кооздолуп, өзгөчө жасалгаланган. Ошондой эле фестивалдын алкагында шырдак шыруу, сайма саюу, ээр чабуу, зер буюмдарын жасоо, кой союу, устукан тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
insap
2014-08-01 18:36:41
Ушундай чогулуштардын көптөп өтүп турганы улуттук маданият менен салт-санаа үчүн ең еле пайдалуу.
0
Aipri
2014-08-02 17:51:19
Кыздын койногу соонун болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан