Бүгүн, 31-июлда Бишкектеги №2063-аскер бөлүгүндө КРнын Чек ара кызматына Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги тарабынан техникалык жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага аталган мекемелердин жетекчилигинин өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери катышышты.
Маалым болгондой, Кытай өлкөсү тарабынан 1 миллион юань (болжол менен 8,3 миллион сом) өлчөмүндөгү 120 муздаткыч, 70 кир жуучу машина, 400 өрт өчүргүч, 1000 аскер бут кийими жана трансформатор менен 21 тонна электр зымдары берилди.
КРнын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Калмурат Байтолоевдин айтымында, бул жабдуулар өлкөдөгү Чек ара кызматынын мекемелерине жөнөтүлөт. “Көрсөтүлгөн жардамдын кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга эч кандай тиешеси жок. Биз Кытай тарап менен көп жылдардан бери жемиштүү кызматташып келебиз”,- деди ал.