Бүгүн, 31-июлда Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Боом капчыгайынан жол тосууга аракет кылган Кемин районундагы Муздак-Суу аймагында соода кылгандар тарап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Нааразычылыкка чыккандар менен Кемин районунун акими жана Райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Акцияга чыккандар буга чейин Муздак-Суу аймагында жол четине күркөлөрдү коюп соода кылып келишкен болсо, жол оңдоо иштерине байланыштуу башка тарапка жылдырылганына нааразы болуп жатышат.