"Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакова ээлеген кызматынан бошотулсун" деген чечим чыгарылды. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 31-июлда кабарлашты.
Маалым болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук онкология борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Шаимбетовго аталган борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакованы жана борбордун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиеваны кызматтан бошотуу боюнча тапшырма берилген.
Эске салсак, онкологиялык илдеттер менен жабыркаган балдардын ата-энелери Дамира Байзакова жетектеген бөлүмдө ушул жылдын 8-майынан тартып эле 20дан ашык бала каза тапканын маалымдашып, квалификациялуу врачтар иштеген болсо, канчалаган өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүн болмоктугун белгилешип, министрликке кайрылуу жолдошкон.
Мындан соң министрликте Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн. Учурда борбордун жетекчилиги жана Дамира Байзакова комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен таанышып чыкканы белгилүү болду.