Бүгүн, 31-июлда Бишкекте Орусиянын Федералдык миграция кызматынын паспорттук-визалык тейлөө бөлүмү ачылды. Ал Абдрахманов (Совет) – Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын экинчи кабатында жайгашкан.
КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаевдин айтымында, бул Борбор Азиядагы алгачкы мекеме болуп саналат. “Паспорттук-визалык бөлүмдүн ачылышы - мезгилдин зарылчылыгы. Биздин мигранттар үчүн Орусияда мыйзамдуу эмгектенүү үчүн патент алуусу негизги көйгөй болуп калган. Мындан улам алардын патент алууда алдамчыларга кезигип калган учурлары көп. Ушул маселелерди чечиш үчүн биз Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 3 айдын ичинде паспорттук-визалык тейлөө бөлүмүн ачтык. Бул жерден жумуш издөөчүлөр патент алууга бардык документтерди каттоодон өткөрүп, керектүү юридикалык жардам ала алышат. 8-10 мүнөт ичинде патент алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү десек да болот”,- деди Д.Бекмурзаев.
Жаңы ачылган паспорттук-визалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Эркинбековдун билдиришинче, азыркы учурда бул мекеме аркылуу Орусиянын Москва облусунда гана жумушка орношууга мүмкүн. "Жакынкы арада тейлөө бөлүмү аркылуу мекендештерибизди Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда да жумушка орноштурууга мүмкүн кылууга ниеттенип жатабыз",- деди ал.