Тоң районунда “Кызыл өрүк” фестивалы өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, фестиваль 2-августта өтөт. Ага бир катар багбандардын катышары күтүлүүдө. Ошондой эле фестивалдын алкагында кыямдарды даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу болуп эсептелет.