* Мындан 140 жыл мурун, 1874-жылы Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү 1874-жылдын август айынын башында кульминациялык чегине жеткен. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыз Ала-Бука капчыгайы аркылуу Касан шаарына бет алган. Чартак жана Жаңы-Коргон чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафид-Булак кыштагына бекинишкен. Кыргыздар 1874-жылдын 1-августунда кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө-Коргонго качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен.
* Мындан 65 жыл мурун, 1949-жылы Кыргызстандын экинчи президенти, 2010-жылы 7-апрелде бийлик менен оппозициянын кандуу кагылышынан кийин өлкөбүздөн куулган Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан (Тейит) айылында туулган.