Ош. Жапалак айылында бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айылында бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 120 орунга ылайыкталган балдар бакчасынын пайдубалы мындан 10 күн мурда башталган. Бүгүнкү күндө толугу менен бүткөрүлүп, дубалын көтөрүү иштери жүрүп жатат.

Иштин жүрүшү менен таанышуу үчүн вице-мэр Жапарбек Ормонов, шаардагы курулуш тармагынын жетекчилери жана айыл аксакалдары барышты. Анда вице-мэр Жапар Ормонов: «Жапалак айылында бала бакча тартыштыгын эске алуу менен бүгүнкү иш башталып отурат. 27 миң калкы бар аймакта буга чейин бир гана бала бакча болгон. Эми бул маселе акырындап чечилүүдө. Имараттын курулуш иштерин октябрь айында бүтүрүүнү пландап жатабыз. Жакында бул аймакка дагы бир 80 орундуу балдар бакчасынын курулушун баштоо алдында турабыз»,- деди. 

Эскерте кетсек, курулуштун жалпы сметалык баасы 43 миллион сом. 

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
azat_sokrat
2014-08-01 18:11:08
ен соонун болуптур кудай буйурса биздин балдар ушул бала бакчага бара турган болот
0
sera
2014-08-02 11:34:43
жакшы жанылык. балдарыбыз бакчага барып ошол жерден келечектин кыйындары чыксын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан