“Кыргызстанда болгону 566 экологиялык жана техникалык инспектор бар. Биз аларга муктаж болуп жатабыз”,- деди бүгүн, 1-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын коллегиясында аталган инспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашев.
Анын айтымында, мындай муктаждыктан инспекторлор өрт өчүрүүчү, эколог, юрист жана башка кызматкерлердин милдеттерин аргасыз аткарып жатышат. “Бизге жаңы кадрлар керек. Бул жылдын кийинки жарым жылдыгында инспекторлордун квалификациясын жогорулатабыз”,- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн аталган коллегияда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгы жана аны көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы көйгөйлөрү талкууланууда.