Ак-Бата конушу жана Арча-Бешик конушунун бөлүгү Бишкек шаарына да, Чүй облусуна да кирбей, анклав болуп саналууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиясында аталган инспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.
Анын айтымында, аталган конуштарда мыйзамсыз үйлөр салынып калган. “Бул курулуштардын жарымын бузуш керек, жарымын мыйзамдаштырыш керек. Бул тууралуу бир топ материалдарды өкмөткө тапшырганбыз”,- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн аталган коллегияда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгы жана аны көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы көйгөйлөрү талкууланууда.