Жыл башынан бери Экологиялык жана техникалык инспекция жүргүзгөн текшерүүлөрдө 25 миңден ашуун мыйзам бузуу катталды

2014-жылдын 1-жарым жылдыгында Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция тарабынан 8361 текшерүү жүргүзүлүп, 25 182 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта аталган мекеменин коллегиясынын жүрүшүндө инспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн натыйжасында төмөнкү чаралар көрүлгөн:

–      623 чарбалык субъектилердин ишмердиги токтотулган;

–      3760 көрсөтмө берилген;

–      2098 протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча токтом чыгарылган;

–      491 иш сотко өткөрүлгөн;

–      344 материал тергөө органдарына берилген.

“Жалпысынан алганда мамлекеттик бюджетке 28 миллион 161 миң сом түшүрүлгөн. Ал эми өндүрүлбөй калган суммалар бүгүнкү күндө сот жана укук коргоо органдарында каралууда”,- деди Т.Нурбашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан