Бүгүн, 1-августта КРнын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын башчысы
Таалайбек Нурбашев ал жетектеген мекеменин 2014-жылдын 2-жарым жылдыгына болгон иш планы менен бөлүштү.
Анын айтымында, негизги маселелердин бири - экологиялык жана коопсуздук боюнча мыйзамдык жана ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды КРнын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү. "Мындан тышкары Мамтехинспекциянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, инспектордук курамды өркүндөтүү, коопсуздук аркылуу өнүгүүгө жетишүү максатында жеке ишкерлер жана эл аралык уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү. Бул багытта 2014-жылга эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча программасын ашырууну да пландап жатабыз",- деди Т.Нурбашев.
Андан соң ал экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында окутуу семинарларын өткөрүп, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу керек экендигин баса белгиледи.