Чаткал районунун акими кара өпкө илдетинен мал-жандыктар өлүп жатканынан маалыматы жок экенин айтты

Бүгүн, 1-августта Чаткал эли SUPER.KG порталына ушул тапта райондо кара өпкө оорусу күч алып, мунун кесепетинен 7 баш уй жана бир нече кой өлүп калганын айтышкан. Ошондой эле илдетке каршы чара көрүлбөй жатканына тынчсызданып жатышканын билдиришкен эле. Бул маселе боюнча райондун акими Канжарбек Эшалиевге кайрылганыбызда бул илдет тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Мен азыр эс алууда жүргөн элем, андыктан оорудан уй жана койлордун кырылып жатканын билбейт экенмин. Эми ар бир эле райондо анча-мынча кой, уй өлүп турат да. Эгерде күч алып жатканына эл тынчсызданса, мен азыр тапшырма берем, чара колдонобуз”,- деди аким.

Канжарбек Эшалиев менен байланышкан соң дароо эле райондун ветеринары өзү байланышка чыкты. Ал азыр малдын кара өпкө оорусунан массалык кырылуусу жок экенин айтты.

Бул илдет азыр да бар. Ошондуктан биз июль айларында эле жайлоолордогу малдарды эмдөөдөн өткөргөнбүз. Бирок массалык кырылуу жок”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан