Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын саны 12 миңге чейин. Анын ичинен жеке шаар боюнча 2 жаштан 7 жашка чейинки балдардын саны 32 миңди түзүп, бакчага тартылгандардын саны 19 574кө жетти. Бакчага 39 пайыз бала тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы
Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелердеги негизги көйгөйлөр - бала бакчалардын жетишсиздиги, мектепке чейинки балдарды тарбиялаган адистердин даярдалбай жаткандыгы.