Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 2-август күнү электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көмөк чордондорун жана электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин борбор калаадагы Раззаков көчөсүндө, Эркиндик бульварында, Токтогул көчөсүндөгү №95-97-көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. 

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында (Карагул Акмат, Мадиев, Майрам көчөлөрүндө), Төрт-Күл конушунда жарык үзгүлтүккө учурайт. Саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан