2014-жылдын башынан бери КРнын Геология жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 121 лицензия берилген. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта облустагы КРнын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алтынды издөөгө жана иштетүүгө 8 лицензия берилген. Ошондой эле металлды издөөгө жана иштетүүгө 14, мунайды иштетүүгө 3, кумду, аки ташты издөөгө жана иштетүүгө 29, мунайды жана жаратылыш газды издөөгө 2, жер астындагы сууну издөөгө жана иштетүүгө 63 жана геологиялык изилдөөлөр аркылуу карталарды чыгаруу иштерин жүргүзүүгө 1 лицензия берилген.