Селден улам жабылган Араван районундагы унаа жолу ачылды

Селден улам жабылган Араван районундагы унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Керме-Тоо айыл аймагында 30-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Культцентр-Чөгөм унаа жолунун 2-8-чакырым аралыгында 4 жерден таш-шагыл түшүп, унаа жолун тосуп калган. Унаа жолун тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылып, 2014-жылдын 1-августунда жол таш-шагылдан толугу менен тазаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан