2014-жылдын биринчи жарымында күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 104 миллион сом сарпталган. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын күз-кыш жана келерки жылдын башындагы кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө багытталган иш-чараларды каржылоого үстүбүздөгү жылдын бюджетинде 2 миллиард 558 миллион сом каралган. Аталган иш-чараларга жылдын биринчи жарымында 1 миллиард 104 миллион сом каржылоо жүргүзүлдү. Анын ичинен жылуулук энергиясын субсидиялоого бөлүнгөн каражаттар 608 миллион сомду түздү. Республикалык бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдарына 306,9 миллион сом, жылуулук энергиясы үчүн 164,8 миллион сом, жаратылыш газы үчүн 5,5 миллион сом сарпталды. Мындан сырткары көмүр сатып алууга республикалык бюджеттен 19,3 миллион сом бөлүндү.