Чүй облусун электр энергиясы менен сапаттуу камсыздоо үчүн кошумча 9 трансформатор орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле келе жаткан кышка даярдык көрүү учурунда 55 трансформатордун кубаттуулугу көбөйтүлгөн. Анын ичинен Чүй облусунда - 15, Бишкек шаарында - 40.