Түштүк аймактагы буу казандарды көмүргө которуу жана керектөөчүлөрдү суюлтулган газ менен камсыздоо үчүн 261 миллион сом өлчөмүндөгү үстөксүз бюджеттик ссуда бөлүндү. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн, 2-августта билдирди.
Маалыматка караганда, бюджеттик ссуда “Электр станциялары” “Кыргызстандын улуттук электр тармагы”, “Ош электр”, “Жалал-Абад электр” акционердик коомдоруна жана Ош шаардык мэриясына берилет. Бөлүнгөн акча каражаты Ош шаарындагы кварталдык тармак бөлүгүн оңдоого, Ош шаардык 4 электр буу казанын көмүргө өткөрүүгө, жаратылыш газын колдонуучуларга газ баллондорун жана плиткаларды сатып алууга, ар кыл кубаттуулуктагы трансформаторлорду сатып алууга жана орнотууга жумшалат.
Эске сала кетсек, 2014-жылдын 14-апрелинен тарта республиканын түштүгүнө жаратылыш газын берүү токтотулган. Натыйжада энергия керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп жана авариялык өчүүлөр 20% пайызга жогорулаган.