Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 2 унаа талкаланды. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын тургуну бүгүн, 2-августта билдирди.
Анын айтымында, тажик жараны Ак-Сай айылынын тургунуна караштуу жүгөрүнү оруп, өзүнүн уйларына берген. Муну байкап калган кыргыз жараны уйларды Кыргызстан тарапка айдап жөнөгөн учурда тажик жарандары да келип калып, эки ортодо уруш чыккан. Мындан улам тажик жарандары Кожалы айылында Ак-Сайга кетчү жолду бууп салышкан. Ошондой эле кыргыз жарандарына тиешелүү оор жүк ташуучу бир унаанын жана бир жеңил унаанын айнектери талкаланган.